Парижде жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Парижде жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат менен биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бөлүштү. Дипломатиялык өкүлчүлүк жеринде тактоо иштерин улантууда.

 

Эске салсак, кечээ Парижде имараттардын биринде газ жарылуусу болуп, ири өрт чыккан. 37 адам жабыркаганы айтылды, анын төртөө оор абалда.