Кыргызстанда насыяны мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда

Кыргызстанда насыяны мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда. Улуттук банк «Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты.

 

Ага ылайык, кредит алган тарап насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда барып жаба алат.

 

Бул үчүн комиссия, айып пул салынбайт. Ал эми учурда бул тууралуу 30 күн мурун арыз жазуу керек. Эреже сакталбаса комиссия кошулат.