Жогорку Кеңеш эки айлык каникулга тарады

Жогорку Кеңеш бүгүн 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады. Бүгүнкү отурумда жалпысынан элүү чакты мыйзам долбоору каралып, алардын айрымдары кабыл алынды, кээ бирлери четке кагылды.

 

Парламенттин жетинчи чакырылышынын экинчи сессиясын жыйынтыктап жатып төрага Нурланбек Шакиев 75 жыйналыш өткөнүн, 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынганын айтты. Сессиянын ишин ал ийгиликтүү болду деп баалады:

 

“Сессиябыз олуттуу өзгөрүүлөр жана түрдүү жаңылануулар менен коштолуп, акыркы кабыл алынган Баш мыйзамыбыздын алкагындагы реформаларды ишке ашырууга багытталды. Парламент бардык реформалардын башында туруп, көйгөйлөр менен катар өлкөбүздүн өнүгүшүнө зарыл болгон олуттуу маселелер кеңири талкууланган негизги аянтча катары кызмат кылды”.

 

Жогорку Кеңештин ар бир сессиясы сентябрь айында башталып, июнь менен жыйынтыкталат. Июль, август айлары каникул деп жарыяланат, шайлоочулар менен жолугушуулар да уюштурулуп турат.

 

2010-жылы ыңкылап жолу менен бийлик алмашканда Кыргызстан Конституциясын өзгөртүп, парламенттик башкарууга өткөн. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.

Азыркы жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишке 2021-жылдын 29-декабрында киришкен, анын курамында 90 депутат бар. Алтынчы чакырылышта 120 депутат болгон.