FIFA рейтингинде Кыргызстан курамасынын позициясы төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

 

Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен).

АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.

 

Аргентина, Франция жана Бразилия топ 3 дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер болгон. АФК рейтингиндеги алдыңкы үч лидери — Япония, Иран жана Австралия