Жогорку Кеңеш “Элдик курултай” мыйзамын колдоду

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Ага 69 депутат макулдугун, ал эми экөө каршы деген добушун беришти.

 

Мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров демилгелеген. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин кыскарганын, делегаттардын 1070 деген саны 700гө чейин азайганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын маалымдаган.

Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көптөгөн жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийинки конституциялык реформа учурунда курултай маселесине олуттуу көңүл бурулуп, тийиштүү мыйзам кабыл алуу аракети көрүлгөн.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга элдик курултай институту киргизилген, мыйзам кабыл алынып, курултай ошол жылдын аягына чейин чогулушу керек эле. Бирок мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапкан эмес.

2022-жылдын февраль айында президент мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Ага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев төрага болгон. Ал долбоор да талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Ошол жылдын ноябрындагы биринчи курултай президенттин жарлыгынын негизинде уюштурулган.

Оппозиция бул бул иш-чара мыйзам кабыл алына элек шартта президенттин жарлыгы менен чакырылып жатышын мыйзамсыз деп аташкан.

Быйыл 15-мартта Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча маселени күн тартибинен алып койгондон кийин депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн. Талкуу учурунда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган. Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.