Ошто Масалиев жана Навои көчөлөр кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат

Ошто Масалиев жана Навои көчөлөр кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын бийиктиги 7 метрге чейин жетет.

 

Тепкичтер 4 тарабында тең каралган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  үчүн атайын көтөргүчтөр орнотулат. Өтмөк аба-ырайынын бардык шарттарында тең ыңгайлуу болушу үчүн төрт кабаттуу айнек менен капталат.

 

Долбоорду ишке ашырууга 45 миллион сом багытталат. Курулуш жайдын аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.