Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр

Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, кеп Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Катар жана Кувейт мамлекеттеринде мыйзамдуу ишке орношуу тууралуу болуп жатат.   Министрлик менен жеке компания ортосунда келишим түзүлдү.   Аталган өлкөлөр 800дөн ашык вакансия… Кененирээк…

Netflix тарыхтагы эң кымбат сериал тартуу ниетинде

Netflix тарыхтагы эң кымбат сериал тартуу ниетинде.   Ал One Piece анимесинин экранизациясы болот. Бир сериянын баасы 18 миллион долларга айланса, жалпысынан сериалды тартууга жаратуучулар 180 миллион доллардан ашык жумшайт.

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнунан тарта полиэтилен баштыктарын сатуу жана колдонууга тыюу салынат

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнунан тарта полиэтилен баштыктарын сатуу жана колдонууга тыюу салынат. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үч окууда жактырды.   Белгилеп кетсек, документ полимердик материалдардын ден-соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуулугун азайтуу максатында иштелип чыккан. Бир жолку колдонулуучу баштыктардын ордуна био кутуларды колдонуу сунушталууда. Мыйзам президент кол… Кененирээк…

“Кыргыз шырдагы” фестивалындагы эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды

“Кыргыз шырдагы” фестивалындагы эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды.   Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал Нарын районунун Учкун айылында жасалган.   Эң ири шырдакты Казакстандан келген коноктор сатып алды. Эске салсак, ушул күндөрү Нарын облусунда шырдак фестивалы өтүп жатат, ага 170… Кененирээк…

Келе жаткан ишембиде Ала-Тоо аянты унаа кыймылына жабылат

Келе жаткан ишембиде Ала-Тоо аянты унаа кыймылына жабылат.   Мэриянын маалыматына ылайык, чектөөлөр кечки саат 6дан түн жарымга чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкесинде киргизилет.   Мындай чара Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кыл, байге утуп ал”  лотереясына байланыштуу кабыл алынат. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 7 миң 700 адам айыл чарба тармагында ишкерлик ачты

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 7 миң 700 адам айыл чарба тармагында ишкерлик ачты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мал чарбачылык боюнча 7 миңден ашык киши бизнес баштады.   120 долбоор өсүмдүк өстүрүү боюнча, ал эми 118 долбоор бал чарбачылыгы боюнча ишке ашты.  … Кененирээк…

Генералдык прокуратура тергөө функциясынан ажыратылат

Генералдык прокуратура тергөө функциясынан ажыратылат. “Прокуратура жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңеш үч окууда жактырды.   Ага ылайык, Генералдык прокуратуранын тергөө функциялары УКМКга, Ички иштер министрлигине жана Аскердик прокуратурага өткөрүлөт. Мындай өзгөрүүлөр мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Президент 30-июнда Асман шаарынын курулушуна старт берет

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат. Түз эфир 11:00дө башталат. Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу… Кененирээк…

Ошто 1-июлдан тарта таштанды чыгаруу тарифи кымбаттайт

Ошто 1-июлдан тарта таштанды чыгаруу тарифи кымбаттайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда айтылат. Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми 25 сом эмес,  35 сомдон төлөйт.   Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сомду түзүп калат. Эске салсак, Бишкекте таштанды чыгаруу… Кененирээк…

Бишкек мэриясы тендер системасынан баш тартуу ниетинде

Бишкек мэриясы тендер системасынан баш тартуу ниетинде.   Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров жарыялады. Анын айтымында, бул муниципалитет чиновниктери үчүн персоналдык жоопкерчилик киргизүү үчүн зарыл.   Андан тышкары, тендер өткөрүүгө 2 ай талап кылынат, бул өз кезегинде иштердин аткаруу мөөнөтүнө залакасын тийгизүүдө. Учурда мыйзамга тиешелүү… Кененирээк…