Экономика министрлиги Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө киришти. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, ага салык кеңешчилери, эксперттер, банк тармагынын жана бизнес өкүлдөрү кирди.
Ведомстводон белгилешкендей, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү – салык төлөөчү менен мамлекет ортосундагы кызыкчылыктарды туура бөлүштүрүү үчүн туруктуу процесс. Талаптарга ылайык, кодекске бир жылда бир жолу толуктоолор киргизилиши зарыл.