Бишкекте автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бордюрлар орнотулууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда.

 

Андан соң Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат. Ал жерде брусчатка төшөлүп, темир торчолор алмаштырылып, оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.