Жалал-Абад шаардык мэриясынын «Алтын балалык» лагеринде 150 бала акысыз эс алат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан «Алтын балалык» лагеринде Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдары эс алат.
«Алардын алгачкы бөлүгү учурда лагерде эс алып жатат», — деп белгилешти мэриядан.
Белгилей кетсек, аталган лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.