Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду өлкө аймагынан чыгарууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталды

Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду өлкө аймагынан чыгарууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталды. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документте жазылгандай, мындай чара ошондой эле катализатордун курамындагы шлак, күл жана баалуу металлдардын калдыктарына дагы тиешелүү болот.

 

Мыйзам долбоорунун максаты – адам өмүрүн, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү атмосферага чыгарылган унаа түтүнүнүн зыяндуу көрсоткүчүн азайтуу болуп саналат.