Ысык-Көлдө 3 муниципалдык пляж уюштурулат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов “Экономист” басылмасына билдирди. Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында жана Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой айылдарында пляж куруу долбоору иштелип жатат.
Бул жерде коопсуздук жана инфраструктуралык талаптар боюнча бардык шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.