Бишкекте жыл аягына чейин 14 жаңы муниципалдык бала бакча курулат

Бишкекте жыл аягына чейин 14 жаңы муниципалдык бала бакча курулат.   Алардын басымдуусу жаңы конуштарда пайда болот. Айрым райондордо муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси биринчи жолу ачылат.   Алардын тургундары балдарын жеке бакчаларга берүүгө аргасыз. Объектилердин көбү жаңы окуу жылына карата ачылып калат. Бала… Кененирээк…

Швейцариялык студенттер океанда ДНК-үлгүлөрүн чогулта турган балык-робот чыгарышты

Швейцариялык студенттер океанда ДНК-үлгүлөрүн чогулта турган балык-робот чыгарышты.   Суу алдында иштей турган шайман атайын изилдөөлөр үчүн жасалган. Жасалма интеллект ага навигацияда жардам берет.   Жаш инженерлердин пикиринде, мындай робот биологдорго суу алдындагы эко-системаны изилдөөдө жардамы чоң болот.

Мексикада адаттан тыш үйлөнүү той катталды

Мексикада адаттан тыш үйлөнүү той катталды. Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэри Виктор Уго Соса аллигатор менен баш кошту.   Жергиликтүү салттарга ылайык, рептилияга үйлөнүү – ыйык жөрөлгө болуп эсептелет.   Муну менен мексикалыктар жерине тынчтык, бакубатчылык, мол түшүм жана кургакчылыктан сактаган жаан-чачын чакырат. Той учурунда Алисия Адриана… Кененирээк…

Кыргызстанда 20 стационар курулат

Кыргызстанда 20 стационар курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги Нургүл Ибраева билдирди.   Анын айтымында, жаңы ооруканаларды курууда аймактардагы калктын саны эске алынат. Долбоор иштелип чыгып, министрлер кабинетине тапшырылды.

Нарын шаары электробус сатып алат

Нарын шаары электробус сатып алат. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, аталган калаа мэриясы электр кубаты менен жүргөн 5 автобус сатып алууга 73 миллион сомдон ашык багыттайт.   Андан тышкары, 3 кубаттоочу жабдуу алуу пландалууда. Арыздар 14-июлга чейин кабыл алынат.  

Жогорку Кеңеш “Улуттук валюта жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды

Жогорку Кеңеш “Улуттук валюта жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Депутаттар сомду Кыргызстандан башка жерде басып чыгарууга тыюу салууну сунуштады.   Андан тышкары, мыйзамда республика аймагында товар жана кызматтар үчүн төлөмдү бир гана сом менен жүргүзүү талабы жазылган. Мындай эреже бир гана импорт жана экспортто… Кененирээк…

1-июлдан тарта суютулган газга болгон салык ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт

1-июлдан тарта суютулган газга болгон салык ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кеп унаалар отун катары колдонуп келген газ тууралуу болуп жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, суютулган газды өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдуулугун эске алуу керек.   Ал эми Мунай ташуучулар ассоциациясынын… Кененирээк…

Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет! Катуу шамал учурунда: — Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз; —… Кененирээк…

Израилде алма чогултууга ылайыкталган робот чыгарылды

Израилде алма чогултууга ылайыкталган робот чыгарылды.   Жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыккан жаңы технология автоматтык режимде бышкан алмаларды аныктап, алардагы курттарды жана кумшекердин деңгээлин текшере алат.   Робот фермерлерге жардам берип, айыл-чарба иштери кызып жаткан учурда өтө пайдалуу  болот дешет ойлоп табуучулар.

Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот

Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот. 100 орундуу  объект Жумгал районунун Лама айылында жайгашат. Тендерди облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.   Бул максатта 80 миллион сом бөлүнөт. Окуу корпусунан тышкары мектепте футбол, баскетбол жана волейбол аянттары каралат.