Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкектеги жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы «Орто-Алыш», «Башкара-Суу» жер астындагы суу алгычтарында болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда таза суу таңкыстыгын комплекстүү чечүүнү тапшырды. Кошумча сууканаларды курууга каражат бөлүнүп берилерин билдирди.

 

Жапаров ошондой эле суу үчүн эсептегичтерди орнотууну тапшырды. Ал таза сууну сугатка пайдалангандар үчүн айып пулдун көлөмүн кайра карап чыгуу керектигин билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле суу таңкыстыгына кабылган Орок жана Селекция конушунун тургундары менен жолукту. Ал тиешелүү кызматтарга аталган айылдардын суу маселесин чечүүгө бир апта мөөнөт берди.

Өткөн айдан тартып Бишкектеги Арча-Бешик, Ынтымак, ТЭЦ-2, Селекция, Орок, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарында таза суу таңкыстыгы жаралган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Аталган суу алгычта жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан сырткары быйыл мөңгүлөр жай эриген.

Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин эскерткен.

Мекеме таза суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.