Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл 236 болсо, эң төмөнкү көрсөткүч 29 баллды түздү

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл 236 болсо, эң төмөнкү көрсөткүч 29 баллды түздү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Ал эми жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай 110 баллды түзөт. Белгилеп кетсек, ЖРТнын алтын сертификаттарына өлкө аймагында 57 бүтүрүүчү… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти тейлөөгө мамлекеттик бюджеттен 570 миллион сом багытталды

Жогорку Кеңешти тейлөөгө мамлекеттик бюджеттен 570 миллион сом багытталды. Январь айынан июнга чейинки маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Ведомстводон белгилешкендей, каражаттын басымдуу бөлүгү – 400 миллион, айлык катары которулган. Чыгымдар тизмесинде ошондой эле Соцфондго которуулар, кызматтык сапарлар, байланыш кызматтары, унааларды тейлөө жана башкалар бар.… Кененирээк…

Жалал-Абадда эки көп кабаттуу имарат мыйзамсыз курулганы аныкталды

Жалал-Абадда эки көп кабаттуу имарат мыйзамсыз курулганы аныкталды. Архитекторлорго карата кылмыш иши козголду, — деп билдиришти Генералдык прокуратурадан.   Белгилүү болгондой, жеке жер тилкесинде мамлекеттик экспертизанын тыянагы жок эле өз билемдикке салып, 9 кабаттуу турак-жай жана 3 кабаттуу соода борбору курулган. Бул факты боюнча териштирүү… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар Россияда ири мелдештерге даярданып жатат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Россиянын Эльбрус районунда биргелешкен эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Машыгуулар 29-июнда башталган, ал 15-июлга чейин уланары белгиленди. Курама команданын тизмеси:… Кененирээк…

Стивен Джеррард сауд арабиялык “Аль-Иттифак” клубуна өттү

“Ливерпулдун” легендарлуу жарым коргоочусу Стивен Джеррард сауд арабиялык “Аль-Иттифак” клубуна өттү. Алгач машыктыруучу клубдун биринчи сунушун четке каккан болчу, бирок ага кайра экинчи пайдалуу келишим жөнөтүлгөн.   Айрым маалыматтар боюнча, команда жетекчилиги курамга жылдыздуу оюнчуларды кошо турганын убадалады.   Эске салсак, Джеррард “Ливерпулда” 17 жыл… Кененирээк…

Ошто  таштанды чыгаруу боюнча тарифтер кымбаттады

Ошто  таштанды чыгаруу боюнча тарифтер кымбаттады. Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми   25 сом эмес,  35 сомдон төлөйт.   Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сомду түзүп калат. Эске салсак, Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.   Тышкы иштер министрлигине россиялык тарапты Кыргызстан бардык ички процедураларды аткарганын билдирип коюу тапшырмасы берилди.   Эске салсак, макулдашууга ылайык, мектептер ар бир облуста бирден жана Бишкек, Ош шаарларында курулат. Ар бири 1… Кененирээк…

«Ош» эл аралык аэропортунан аткарылчу багыттар

Ушул жылдын жай мезгилинде «Ош» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат. «Манас» ААКсы каттамдардын толук тизмесин сунуштайт:   Россия “Avia Trafic Company” авиакомпаниясы: Ош-Екатеринбург-Ош – жумасына 1 жолу (ишемби күнү); Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу (жекшемби күнү); Ош-Красноярск-Ош… Кененирээк…

Бишкекте жарык өчөт

Борбор калаанын кээ бир жерлеринде 5-июль күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 8:00-17:00 — «Тепличный» совхозунда; 9:00-17:00 — Ч. Айтматов проспектисиндеги № 35 үйдө, 8-кичи райондогу № 15 үйдө, Камчатка, Архангельск, Алыкулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Мурас-Ордо… Кененирээк…

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирди

Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгону расмий жарыяланды. 4-июлда уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн саммитининен соң ШКУнун Бээжин шаарындагы катчылыгынын имаратынын алдында Ирандын туусун көтөрүү аземи өттү.   4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин саммити Индиянын төрагалыгы менен онлайн форматта өттү. Ага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан,… Кененирээк…