Кыргызстанда вакциналарды сактоого 8 кампа курулат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алар Токтогул, Ала-Бука, Араван райондорунда жана Бишкек, Жалал-Абад, Кербен шаарларында жайгашат.
Андан тышкары, медициналык жайларга 50 муздатуучу камера, 50 термоконтейнер алынат. Кошумчаласак, бул иштер Дүйнөлүк банк каржылаган “Covid-19га чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылат.