Ордо калаада дагы бир скважина пайда болот. “Бишкек суу чарбачылыгы”муниципалдык ишканасы пландалган 6 скважинанын экинчисин бургулап баштады. Анын тереңдиги 200 метр болсо, кубаттуулугу секундасына 65 кубометр сууга барабар.
Эске салсак, буга чейин мэрия билдиргендей, скважиналар Профсоюз – Нарвская, Лев Толстой – Логвиненко, Жайыл Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара көчөлөр кесилишинде жана Театр скверинде пайда болот.
Учурда Профсоюз – Нарвская тилкесиндеги биринчи скважинадан суу чыгып жатат.