Түп районунун Кең-Суу айылында мектептин эски имараты оңдолот

Түп районунун Кең-Суу айылында мектептин эски имараты оңдолот. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы билим берүү мекемесин калыбына келтирүүгө тендерди Ысык-Көл облустук курулуш департаменти жарыялады.

 

Ремонттук иштерге 45 миллион сомдон ашык каралды. Жумуштар жаңы окуу жылынын башталышына карата аякташы керек.