Нидерландыда окуучуларга мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынат. Смартфондор бир гана медициналык көрсөтмөлөр боюнча колдонулушу мүмкүн деген эреже киргизилет.
Жаңы талаптар кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Чиновниктердин пикиринде уюлдук телефондор окуучуларды алаксытып, тоскоолдук жаратат.