Бишкекте Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери соңуна чыгып калды

Бишкекте Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери соңуна чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.

 

Учурга карата асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Андан кийин жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлүп, тротуар көрктөндүрүлөт.