Мамлекеттик салык кызматы 190 үй шартындагы бала бакчанын ээлерин жеке ишкерликке үйрөттү

Мамлекеттик салык кызматы 190 үй шартындагы бала бакчанын ээлерин жеке ишкерликке үйрөттү. Иштер “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкаында жүргүзүлүп, калк арасында салыктык сабаттуулукту жогорулатууга багытталат.

 

Долбоордун катышуучулар салыктар жана башка мамлекеттик кызматтар боюнча курстардан өттү. Эске салсак, үй шартында бала бакча ачууну каалагандар атайын окутуудан өтүп, айрым салыктардан бошотулат.