Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттер кабыл алынууда. Билим берүү министрлиги билдиргендей, жараян онлайн режиминде 30-августка чейин уланат.
Кабыл алуу эрежеси боюнча лицейлерге тогузунчу жана он биринчи классты бүтүргөндөр кабыл алынат. Документтерди тапшыруу боюнча бардык маалыматтар Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.