Кыргызстанда автогаздын кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда автогаздын кымбатташы күтүлүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, бул күйүүчү майга 1-июлдан тарта акциздик салыктын киргизилишине байланыштуу.

 

Автогаздын баасы литрине 1 сом 80 тыйынга кымбатташы мүмкүн. Ал эми бензин менен дизель майынын баасына келсек, азыр АИ-92 57 сом 20 тыйын, ал эми дизель 70 сом 30 тыйындан сатылууда.

 

Мунай ташуучуларга күйүүчү-майлоочу майдын баасын турукташтырууну улантуу, ошондой эле дизель майын сатып алуу боюнча ата мекендик завод менен келишим түзүүнү карап чыгуу сунушталды.