Джими Хендрикстин гитарасы аукциондо сатылат

Легендарлуу америкалык рок-музыкант Джими Хендрикстин гитарасы аукциондо сатылат.

 

Лоттун баасы бир миллион доллардан ашат. Бул кызыл жыгачтан жасалган алты кылдуу электр гитара. Аны 62 жыл мурун жасашкан.

 

Дал ушул музыкалык аспап менен Хендрикс карьерасын баштаган дешет. Ал бул гитараны армиядан келгенде сатып алган.