“ПСЖга” жаңы машыктыруучу дайындалды

Луис Энрике француздардын “ПСЖ” футболдук клубунун жаңы машыктыруучусу болду. Аны менен келишим эки жылга эсептелген. Буга чейин ал Испаниянын футбол боюнча курама командасын жетектеп келген.

 

Эске салсак, команданын машыктыруучусу Кристоф Гальтье кечээ, 5-июлда отставкага кетти. Гальтьенин жетекчилиги астында клуб Франциянын чемпиону жана өлкөнүн Суперкубогунун ээси болду.

 

Машыктыруучунун кызматтан алынышына расизм боюнча айыптоолор себеп болгон. Эгер бул тастыкталса, Гальтье үч жылга чейин эркинен ажыратылып, 45 миң евро айып пул төлөйт.