ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жарандар сак болушу шарт.