Кыргызстандыктар такси кызматына накталай эмес көбүрөөк төлөй башташты

Кыргызстандыктар такси кызматына накталай эмес жол менен көбүрөөк төлөй башташты. Улуттук банктын маалыматына караганда ушул жылдын январынан март айына чейин жарандар 3 миллиондон ашык төлөм жүргүзүп, таксисттердин эсебине дээрлик 500 миллион сом которгон.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу такси кызматтарынын пайдасына жасалган транзакциялардын саны эки эсе, ал эми төлөмдөр 2,5 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда бир жол жүрүүнүн орточо баасы да өстү — эгер өткөн жылдын биринчи кварталында бул сумма 118 сом болсо, быйыл 144 сомду түзөт.