Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек

Жакынкы эки-үч жылда Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, азыр республика энергетика тармагын өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, алардын эң негизгиси энергетикалык жабдуулардын өтө эскириши, суунун аздыгынан электр энергиясын импорттоо жана энергия өндүрүүчү кубаттуулуктардын кескин жетишсиздиги болуп саналат.

 

Жапаров белгилегендей, өлкөдө гидроэнергетикадагы потенциал 10 пайыз гана пайдаланылат.