Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды

Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу президентти аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт. Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упай алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 упай алганы келишимдик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.   Тактап айтканда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев… Кененирээк…

АКШда 3D форматта басып чыгарылган эң ири имараттын курулушу аягына чыгып калды

АКШда 3D форматта басып чыгарылган эң ири имараттын курулушу аягына чыгып калды. Ал Флорида штатында орун алып, 1 кабаттан жана 900 чарчы метр аянттан турат.   Инженерлер ишендиргендей, өзгөчө ыкма менен салынып жаткан имарат аптаптуу ысыкка жана катуу шамалга туруштук берет. Учурга карата 3D басып… Кененирээк…

17-июлдан тарта Ысык-Көлгө поезд күн сайын каттайт

17-июлдан тарта Ысык-Көлгө поезд күн сайын каттайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет. Маалыматка ылайык, курам 7 вагондон туруп, 185 жүргүнчүгө эсептелген.   Бишкектен Балыкчыга поезд менен 4 саатта жетсе болот. Жол кире чоңдор үчүн 150 сом, балдарга 73 сомду түзөт. Ал эми… Кененирээк…

Омск – Бишкек автобус каттамы бүгүнтөн тарта жанданат

Омск – Бишкек автобус каттамы бүгүнтөн тарта жанданат. Бул тууралуу аталган россиялык облустун унаа башкармалыгынан билдиришти. Омск автобекетинен автобустар жума күндөрү кечки саат 8де чыгат.   Билеттер 17-июндан тарта сатыкка чыгарылып, баасы 6 миң сомду түзөт.

Японияда жаңы мөмө өстүрүлдү – лимондуу коон

Японияда жаңы мөмө өстүрүлдү – лимондуу коон. Анын орточо салмагы  2 килограммга жетет. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, жаңы мөмө өтө таттуу болгону менен бир аз кычкыл даамы бар.   Ошондуктан, аны лимондуу коон деп аташты. Анын ичи кадимки коондукундай ак, жумшак жана таттуу. Даамдап көргөндөрдүн… Кененирээк…

Германияда жөө жүрүү үчүн өлкөдөгү эң узун көпүрө ачылды

Германияда жөө жүрүү үчүн өлкөдөгү эң узун көпүрө ачылды.   Анын узундугу 665 метрди түзөт. Көпүрө өрөөндүн үстүнөн тартылып, 2 асканы бириктирет. Анын жанында  лыжа менен секирүү үчүн дүйнө кубогу өтө турган трамплин жайгашкан. Кызыгы, көпүрөнү кошумча тиреп турган мамылар жана конструкциялар жок. Долбоорду ишке… Кененирээк…

Оштун коомдук транспортунда жол кирени эми “Элкарт” картасы менен төлөсө болот

Оштун коомдук транспортунда жол кирени эми “Элкарт” картасы менен төлөсө болот.   Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, система шаардын троллейбустарында жана №13 каттамдагы автобустарында киргизилди.   Жакынкы арада аталган карта менен ISUZU автобустарында дагы төлөсө болот. Андан тышкары, Ош мэриясы коомдук транспортто уюлдук тиркемелер аркылуу… Кененирээк…

“Мета” компаниясы жаңы Threads аттуу социалдык тармакты ишке киргизди

“Мета” компаниясы жаңы Threads аттуу социалдык тармакты ишке киргизди. Ал Твиттерге түз атаандаш болору айтылууда. Социалдык түйүн иштей баштаган алгачкы жети сааттын ичинде ага ондогон миллион адам катталды.   Жаңы тиркемеде 500 символдон турган билдирүүлөрдү жазса болот.   Ошондой эле узундугу беш мүнөткө жеткен видеолорду,… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллы бекитилди

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллы бекитилди.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.   Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга… Кененирээк…

Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилди

Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Буга чейин жергиликтүү тургундар районду чек арадагы аймактардын тизмесине киргизип, өзгөчө макам берүү маселесин көтөрүп келишкен. Чоң-Алай Кыргызстандагы тоолуу райондордун катарында жана ал деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан.   Эске… Кененирээк…