“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. “Манас” аба майданынан билдиришкендей, каттамдар өз убагында аткарылууда.

 

Эске салсак, кечээ аймакта мөндүр аралаш жамгыр жааган. Жаандын саркынды суусу аккан түтүктөр толуп калып, мындан улам аэропорттун күтүү залын суу каптаган. Мүчүлүштүк жарым сааттын ичинде жөнгө салынганы белгиленди.

 

Кошумчаласак, ушул жылдын март айында шамалдан улам бул аэропорттун андан эки ай мурда гана тургузулган тосмо дубалы кулап калган.