Тамчы айылында 6-июлда мөндүр аралаш жамгыр жаап, «Ысык-Көл» аэропортун суу каптады.
«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.
Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок.