Бийлик электр энергиясын керектөөнүн лимитин көзөмөлдөгүсү келет

Бийлик электр энергиясын керектөөнүн лимитин көзөмөлдөгүсү келет. Өкмөттүн божомолуна ылайык, ушул жылдын октябрь айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрден бир аз ашат. Бул күтүлгөндөн эки миллиардга аз.

 

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине электр энергиясын колдонууну тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Чиновник белгилегендей, борбордук көчөлөрдөгү жарыкты өз убагында өчүрүп, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө зарыл.