Баткенде ашар жолу менен таза суу тартылууда. 38 миңдей калк жашаган облустагы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары бул үчүн 500 миң сомдой каражат топтогон.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда жумуштар дээрлик элдин өз демилгеси менен ишке ашып жатат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча 1 миңден ашык айылда ичүүчү суу маселеси чечиле электиги айтылып келет.