Чүй облустук ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Чүй облустук бириктирилген ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта Акрамовдун хирургиялык практика жана дарылоонун новатордук ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор экени белгиленген.
«Анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү медицина тармагы үчүн үлгү», — дешти ведомстводон.
Профессор Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 87 жаштагы медицина илимдеринин доктору азыр Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеп келет.