Гарри Поттер китебинин биринчи басылышы 13,5 миң долларга сатылды
Англияда 1997-жылдагы «Гарри Поттер жана философиялык таш» китебинин биринчи басылышы аукциондо сатылды. Сатып алуучу 13,5 миң доллар төлөгөн. Аукционго коюлган көчүрмөнү бир нече жыл мурун ышкыбоз-коллекционер сатып алган. Анда эскирген мукабалуу китеп 36 центке жакын болчу жана ал англис китепканаларынын биринде сакталып турган.