Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги Улан-Батор шаарында ачылды

Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги Улан-Батор шаарында ачылды.

 

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы жарлыгы менен Айбек Артыкбаевди аталган өлкөдөгү Кыргызстандын ыйгарымдуу элчиси кылып дайындаган.

 

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн салтанаттуу ачылышы аземине биздин өлкөнүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын монголиялык кесиптеши Батцэцэг Батмунхийн катышты.