“Мекен-карт” март айынан бери 18 адамга берилди. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 34 арыз келип түшкөн. Алар онлайн форматта кабыл алынып, комиссиянын кароосунан өтөт.
Эске салсак, “Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары, неберелерине берилет.
Аны алган кыргызстандыктарга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт.