Кыргызстанда баалар жана тарифтер 5 пайызга кымбаттады. Ушул жылдын январь айынан июнга чейинки маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Ага ылайык, эң чоң кымбаттоо спирт ичимдиктери жана тамеки продукциясына болду – 8 пайыз. Азык-түлүк эмес товарлар 6 пайызга, калк үчүн кызматтардын тарифи 5,5 пайызга кымбаттады.
Азык-түлүк товарларынын баасы 3,5 пайызга өстү. Көбүнчө картошка, күрүч, мөмө-жемиш, кондитер азыктары жана балыктын баасы кескин кымбаттаганы катталды.