Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларына карата маалымат менен Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева бөлүштү.

 

Анын айтымында, маяна 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына  салыштырмалуу 32 пайызга өскөн.

 

Эң чоң өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармактарында байкалган.