Кийинки жумада Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат

Кийинки жумада Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жараян 4 этап менен жүргүзүлөт.

 

Биринчиси 17-июлдан 19уна чейин, экинчиси 24-июлдан 26-июлга чейин, үчүнчү этап 31-июлда башталып, 2-августка дейре жана акыркы, төртүнчү тур 7синен 9-августка чейин. Арыздар жана документтер “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасы аркылуу кабыл алынат.