Бишкекте ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек-Жолу проспекти 286, дарегинде жайгашкан ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган комплекстин жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулууда.   Мончо 240 орунга ылайыкташкан. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу… Кененирээк…

Быйыл төрт калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда

Быйыл Ысык-Көл облусунда төрт калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди. Анын айтымында, объекттерди ачуу июль-августка жана жылдын аягына пландалган.   “Бул калкты тейлөө борборлорунда тейлөөнүн натыйжалуулугу жогорулайт деп ишенебиз. 1-июндан тарта калкты тейлөө борборлору жаңы график… Кененирээк…

Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Синоптиктер чукул билдирүү таратты.   Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күн дагы катуу ысыйт. Алсак, 17-19-июль күндөрү абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.   Адистер мындай учурда зарылчылык болбосо сыртка чыкпай турууну сунуштайт. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды

Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Демилге соңку жылдары добуш берүүчүлөрдүн саны азайып баратканы менен байланыштуу экени белгиленди.   Мындай тажрыйба Европанын бир катар өлкөлөрүндө, Түркияда да колдонулуп жатканы айтылып, Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай… Кененирээк…

Нарын облусунда 120 орундуу бала бакча курулат

Нарын облусунда 120 орундуу бала бакча курулат. Тендерди аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Байзак айылында жайгашат. Курулушка 96 миллион сомдон ашык жумшалат. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

Таласта атайын кийимдерди чыгарган тигүү фабрикасы ачылат

Таластын Кара-Ой айылында атайын кийимдерди чыгарган тигүү фабрикасы ачылат. Бул тууралуу ишкананы куруу үчүн компаниялардын бири менен 256 миң долларга келишим түзгөн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.   Цех үч айдан кийин ишке кирет деп күтүлүүдө. Анда энергетика тармагынын, тоо-кен, мунай-газ өнөр жайынын жана башка ишканалардын… Кененирээк…

Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Кыргызстанда китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Билим берүү министрлиги менен Маданият министрлиги меморандумга кол коюшту. Документ балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.   Белгиленгендей, Билим берүү министрлиги мектепке чейинки балдар үчүн окуу программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу… Кененирээк…

Бишкектеги көчөнүн курулушуна шаардык бюджеттен 15 млн сом бөлүндү

Жөө жүргүнчүлөр үчүн гана ылайыкташкан Бишкектеги көчөнүн курулушуна шаардык бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына шаардык кеңештен билдиришти.   Эске салсак, буга чейин биринчи жөө жүрүү зонасы үчүн Медеровдон Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынганы белгилүү болгон.

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда саат 9:00дөн 17:00 гө чейин оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу Тихий, Кугартская, Крупская, Манас, Студентский, Жеңи-жок № 11,17,19,12,14,1,2,3,5,7,40,22 , Олимпийская № 66, Күрөңкеев, Циалковский, Макаренко, Манас проспектиси № 2,4,6,8,10,14,16,18,20,22,24,82,84 электр… Кененирээк…

Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды

Ушул айда өткөн “Мак-2023” операциясынын алкагында республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери… Кененирээк…