Ордо калаада биринчи жолу таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, турнир 24-июлдан 31ине чейин уюштурулат.
Мелдештерге дүйнөнүн 20 мамлекетинен келген 1 миңден ашык спортчу катышат.