Өлкөдө салмак-габариттик көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат

Өлкөдө салмак-габариттик көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Күтүүсүз текшерүүлөр мындай жайлардагы коррупциялык схемаларды жоюуга, көзөмөлдү күчөтүүгө жана санариптештирүүнү жайылтууга багытталат.

 

Ошондой эле күн ысыкта ири жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөнүн сакталышы дагы текшерилип жатат.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан жолдорунда жалпысынан 20дан ашык салмак-габаритти көзөмөлдөө бекети бар.