Туристтердин агымы көп болгондуктан, Ысык-Көлгө каттаган маршруттук таксилердин саны көбөйтүлдү

Туристтердин агымы көп болгондуктан, Ысык-Көлгө каттаган маршруттук таксилердин саны көбөйтүлдү.

 

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Аптаптуу ысыкка байланыштуу көл жээгине агылган эс алуучулардын саны кескин өстү. Андыктан ведомство кошумча 30 кичи маршруттук такси жана 3 автобус кое берди. Алар Бишкек- Чолпон-Ата – Каракол каттамы менен жүрөт.