Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну кирпич чыгарган завод курууда

Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну кирпич чыгарган завод курууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул үчүн облусту өнүктүрүү фонду 7,5 миллион сом пайызсыз насыя берген.

 

Учурда ишканада 10 кызматкер иштейт. Ал эми завод толук ишке киргенде алардын саны көбөйөт.

 

Ишкана ачылса сапаттуу жана баасы салыштырмалуу арзан кирпичтер чыгарыла турганы белгиленди.