Төө-Ашуудагы туннель күнүгө 10 сааттан жабылып турат

Төө-Ашуудагы туннель ушул жумадан тарта күнүгө 10 сааттан жабылып турат.

 

Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдиргендей, мындай чектөө 26-июлдан 6-августка чейин уланат. Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу унаалар түнкү саат 3төн тарта күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машинелер үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот.

 

Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан транспорттор болсо ушул эле убактарда жолдун 144 чакырымында, тагыраагы Суусамыр өрөөнүндө токтотулат. Мунун себеби Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.