Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор толугу менен алынды

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор толугу менен алынып бүттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Облус боюнча жалпы 117 эс алуу жайынын көл жээгинде тосмосу бар болсо, бүгүнкү күндө баары демонтаждалды жана жарандардын пляж аймагына эркин кирүүсү камсыз кылынды, — деп айтылат маалыматта.

 

Буга чейин Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээгине тоскоолдуксуз кирүүсү жөнүндө бир жыл мурун чыгарган жарлыгына өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, тосмолор (дубал, торчо, темир торлор) алынары жана аларды мындан ары курууга тыюу салынары айтылган.