Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган ашуунун 5 чакырымына асфальт жаткыруу жумуштары башталды. Жеринде 10 атайын техника жана 20дай жолчу иштеп жатат.
Асфальт төшөө жумуштары бир айга пландаштырылган. Бирок аба ырайы жакшы болуп, каржылоо үзгүлтүккө учурабаса иштер 2 жуманын ичинде жыйынтыкталат, — деп айтылат маалыматта.