Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

Силкинүү Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалыматка караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.