ЖЭБге Казакстандан сатылып алынган көмүрдүн биринчи партиясы келди

Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан сатылып алынган көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жылытуу мезгилинде ЖЭБге 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө жалпы салмагы 3 миң 200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү.

 

Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү жеткирилет. 550 миң тонна көмүрдү жеткирүү жадыбал менен март айына чейин созулат, — деп айтылат маалыматта.